> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош базарында 3 млн сомдук акциздик маркасыз тамеки кампасы табылды
- URL: https://im.kg/all/2022/03/17/osh-bazarynda-3-mln-somduk-akcizdik-markasyz-tameki-kampasy-tabyldy/
- Published: 2022-03-17T10:22:41.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) кызматкерлери Бишкекте Ош базарынын аймагында тамеки буюмдарын мыйзамсыз сатуу фактысын аныкташканын аталган органдын маалымат кызматы билдирди.**

МСКнын билдиргенине караганда, жеке ишкер кампада акциздик маркасыз ар кандай аталыштагы чет өлкөдө өндүрүлгөн тамекилерди сатып жаткан.

> Жалпы суммасы 3.4 млн сомго 69 миң 504 куту тамеки тартып алынды.

Мындан тышкары, субъектте продукцияга уруксат берүүчү документтер, анын ичинде шайкештик жөнүндө декларация, товардык-транспорттук коштомо кагаз жана башкалары болгон эмес.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тартып алынган продукция КРнын аймагына контрабандалык жол менен киргизилген.