> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аксыдагы «Кербен» аэропорту быйыл пайдаланууга берилет
- URL: https://im.kg/all/2022/03/18/aksydagy-kerben-aeroportu-byjyl-pajdalanuuga-berilet/
- Published: 2022-03-18T18:43:00.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Аксыдагы «Кербен» аэропорту быйыл пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков «Биринчи радиого» билдирди.**

> Аба майданды жандандыруу үчүн **30 млн сомдун** тегерегиндеги каражат сарпталууда. Эске салсак, Кербен шаарындагы аэрпороттун иши 2007-жылы токтогон. Аны калыбына келтирүү маселеси 2015-жылдан бери көтөрүлүп келген болчу.

Белгилей кетсек,«МЭА» ААК 2022-жылы 4 аэропортту – «Каракол», «Баткен», «Ош», «Нарын» аэропортторун реконструкциялоону жана модернизациялоону пландаштырууда.

Азыркы тапта алардын долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга конкурс жарыяланган.

- **«Каракол**» аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин имаратын куруу жана жасалма учуу тилкесин 400 метрге узартуу менен аэродромдун элементтеринин жасалма үстүн реконструкциялоо
- **«Баткен»** аэропортунун аэродромунун элементтерин реконструкциялоо
- **«Ош»** эл аралык аэропортуна жүк терминалын куруу
- **«Нарын»** аэропортуна жалпы аянты 530 чарчы метр болгон жаңы аэробекет комплексинин имаратын куруу.