> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕАЭБ жарандарга жүктөрдү бажы төлөмсүз ташуу лимитин 1000 еврого чейин көбөйттү
- URL: https://im.kg/all/2022/03/18/eaeb-zharandarga-zh-kt-rd-bazhy-t-l-ms-z-tashuu-limitin-1000-evrogo-chejin-k-b-jtt/
- Published: 2022-03-18T16:49:41.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү жеке жактар ​​үчүн ташуучу же почта аркылуу жөнөтүлгөн товарларды бажы алымысыз (пошлинасыз) ташып келүү лимитин 1000 еврого чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды.**

Мындай чечим бүгүн, 18-мартта Москвада биринчи вице-премьер-министр Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы алдында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин жыйынында кабыл алынды.

- Босого **2022-жылдын 1-октябрына чейин** убактылуу жогорулатылды. Эгерде посылканын баасы бул суммадан ашса же анын салмагы 31 килограммдан ашса, анда буюртманын наркынын 15% өлчөмүндө алым төлөнөт, бирок **1 кг үчүн 2 евродон** кем эмес.
- Бул чара чет элдик интернет-дүкөндөрдөн жеке колдонуу үчүн товарларга буйрутма берген жарандарга колдоо көрсөтүп, товардын тартыштыгынан сактайт.
- Учурда жеке колдонуу үчүн товарларды ташып келүүдө пошлинасыз босого 200 еврону түзөт.
- Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.