> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эдил Байсалов Дүйнөлүк банктын миссиясы менен саламаттык сактоо маселесин талкуулады
- URL: https://im.kg/all/2022/03/18/edil-bajsalov-d-jn-l-k-banktyn-missiyasy-menen-salamattyk-saktoo-maselesin-talkuulady/
- Published: 2022-03-18T15:45:34.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:55:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов КРгы Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы Навид Накви менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттыкты сактоо тармагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулаганын кабинеттин маалымат кызматы билдирди.**

Эдил Байсалов Дүйнөлүк банк менен натыйжалуу кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, COVID-19 пандемиясы учурунда республикага көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыразычылык билдирип, ал белгиленген программаларды жана долбоорлорду мындан ары карай ишке ашырууга даяр экендигин баса белгиледи.

Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы Навид Накви өз ара кызыкчылык туудурган жана өлкө үчүн артыкчылыктуу чөйрөлөрдө кызматташууну улантууну жактай тургандыгын белгиледи.

> Тараптар милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумун чыңдоо, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, калкты медициналык тейлөө менен камтууну кеңейтүү, дары-дармектердин баасын, эмдөөлөрдүн темпин жөнгө салуу маселелерин талкуулашкан.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары КРнын делегациясынын Дүйнөлүк банктын жазгы кеңешмелерине катышуусуна даярдыктарын талкуулады.