> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кадырбек Букуев «РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2022/03/18/kadyrbek-bukuev-rsk-bank-aak-bashkarmalygynyn-t-ragasy-bolup-dajyndaldy/
- Published: 2022-03-18T10:40:56.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкуловдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.**

> Анын ордуна бул кызматка **Кадырбек Букуев** дайындалды.

Белгилей кетсек, Букуев буга чейин «ФинансКредитБанк» ААК башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалап келген.

Чечим банктын директорлор кеңеши тарабынан 2022-жылдын 2-мартында кабыл алынган.