> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандыктар быйыл Ноорузда эң көп кайсы шаарга учаары белгилүү болду – Aviasales.kg
- URL: https://im.kg/all/2022/03/18/kyrgyzstandyktar-byjyl-nooruzda-e-k-p-kajsy-shaarga-uchaary-belgil-boldu-aviasales-kg/
- Published: 2022-03-18T14:27:18.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:33:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Быйыл Нооруз майрамы дүйшөмбүгө туш келгендиктен, кыргызстандыктар 3 күн эс алышат. Aviasales.kg сайтынын талдоочулары** **бул күндөрү авиа билеттерге суроо-талап 28%га өскөнүн жана бул дем алыш күндөрү кыргызстандыктар кайда учарын аныкташты.**

Кыргызстандыктардын эң биринчи эл аралык туристтик багыттары – Түркия, Грузия жана Бириккен Араб Эмираттары. 

> **Стамбулга** суроо-талап бул жазгы майрамда – үч эсеге өскөн, ал эми эконом-класстагы бир тарапка учуу каттамынын орточо баасы – **21 116 сомду** түзгөн. Билет алгандар Стамбулда орточо 7 күн жүрүшөт. 

**Грузияга** суроо-талап 17%га өстү, кыргызстандыктар ал жерде орточо 8 күн болушат. Тбилисиге билет баасы – **22 535 сом**. 

**Дубайга** билеттер 5% көбүрөөк брондолгон, билет алгандар ал жакта 9 күн болушат. Бул чөлкөмгө майрам күндөрү билет кымбат болот жана ал – **30 852 сомду** түзөт.

Кыргызстандыктардын бир бөлүгү жаз майрамын өлкөнүн башка аймактарында тосуп алуу үчүн учуп кетишет. Бишкекке авиа билеттерге суроо-талап 17%га, **Ошко 35%га** өскөн. Ички авиакаттамга билеттин орточо баасы – **2343 сомду** түзөт.