> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамматрезерв фондунан Ошко 50 тонна кумшекер, 40 тонна күн карама майы берилди
- URL: https://im.kg/all/2022/03/18/mammatrezerv-fondunan-oshko-50-tonna-kumsheker-40-tonna-k-n-karama-majy-berildi/
- Published: 2022-03-18T17:40:11.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 18-мартта Ош шаарына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун Башкы кампасынан 50 тонна кумшекер жана 40 тонна күн карама майы келип түшкөнүн ӨКМнын маалымат кызматы [билдирди](https://www.facebook.com/mchs.gov.kg/videos/1149965035823781/).** 

> Маалыматка ылайык, Ош шаарында «Акниет» соода түйүндөрү аркылуу белгиленген баада: **кумшекер килограммы 70 сомдон**, **күн карама майынын литри 130 сомдон** сатылат. 

**Сатылуучу даректер:** 

- Кулатов кичи району 16б
- Анар кичи району, Абдыкадыров көчөсү 205а
- Курманжан Датка көчөсү 226 (болжол: шаардык оорукана)
- Абакир уулу Төрөбек көчөсү 40в (Юго-Восток)
- Исхак Раззаков көчөсү 56 (Ош району)
- Уркуя Салиева көчөсү 40а (ХБК).