> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Украинадагы согуш: Россиянын IT-компаниялары Кыргызстанда каттала баштаганы байкалууда
- URL: https://im.kg/all/2022/03/18/ukrainadagy-sogush-rossiyanyn-it-kompaniyalary-kyrgyzstanda-kattala-bashtagany-bajkaluuda/
- Published: 2022-03-18T09:00:00.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:48:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Россиянын Украинага баскынынан улам көптөгөн орус адистери (негизинен IT тармагындагылар) өлкөдөн чыгып кетишкен. Санкциялардан улам – аба чек аралары жабылып, визанын токтотулушу менен алар Армения жана Грузия сыяктуу өлкөлөрдү тандашууда. Ошондой эле бул тизмеге Кыргызстан да кирип калды.** 

Ошол эле учурда релокацияны жарандар эмес, фирмалар дагы ойлонушууда. «Сенти» каржы компаниясынын директору Мээрим Аскарбекованын айтымында, Кыргызстанга россиялык IT адистердин келгени азыртадан эле байкалууда.

> «Биздин компанияга IT тармагындагы адистерден компанияларды каттоо үчүн юридикалык кызматтарды алууга кайрылуулар келип түшүүдө. Алар менен бирге биз инвесторлордун агымын күтүүдөбүз», – деди ал 16-мартта өткөн «Перезагрузка 2022» деп аталган антикризистик форумда.