> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк доллардын курсунун төмөндөшү боюнча түшүндүрмө берди
- URL: https://im.kg/all/2022/03/18/uluttuk-bank-dollardyn-kursunun-t-m-nd-sh-bojuncha-t-sh-nd-rm-berdi/
- Published: 2022-03-18T11:32:55.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева бүгүн, 18-мартта «Биринчи Радиого» доллардын курсунун төмөндөшү боюнча түшүндүрмө берди.**

Анын айтымында, рынок долларга канды. Буга чейин долларга болгон суроо-талап кандайдыр бир деңгээлде ажиотаж жана паникалык реакциядан улам болгон.

Ошондой эле Карабаева Улуттук банктын [эсептик ченди ](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/10/uluttuk-bank-eseptik-chendi-14-ga-zhogorulatty/)жогорулатканы, долларды республиканын аймагынан тышкары чыгарып кетүүгө [тыюу салганы](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/14/kyrgyzstanda-dollardy-syrtka-alyp-chyguuga-tyjuu-salyndy/), регулятор эми Bloomberg жана Reuters финансылык агенттиктеринин көрсөткүчтөрүнө карап багыт алуусу сыяктуу чаралар финансылык рынокто туруктуу жагдайга жетүүгө өбөлгө түзгөнүн айтты. 

> «Учурда накталай сом керек болуп жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш, эми кайра тескерисинче болуп жатат. Андыктан мындай кырдаалдарда шашылыш бүтүмдөрдү чыгаруудан этияттаныш керек», – деди Карабаева. 

Улуттук банк күнүмдүк доллардын курсун автоматикалык соода системасындагы бүтүмдөрдүн негизиндеги курска карап аныктап турат жана бул регулятордун расмий сайтында күн сайын жаңыланат.