> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын бардык ортомчу компаниялары «Кыргызстандын улуттук электр тармагына» биригет
- URL: https://im.kg/all/2022/03/22/krnyn-bardyk-ortomchu-kompaniyalary-kyrgyzstandyn-uluttuk-elektr-tarmagyna-biriget/
- Published: 2022-03-22T16:48:21.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:04:41.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандагы электр жарыгын бөлүштүрүүчү бардык** **компаниялар – «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ошэлектр» жана «Жалалабатэлектро» «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКсына бириктирилет.**

Компаниянын маалыматына таянсак, мындай чечим ушул ишембиде, 26-мартта, КУЭТ (орус., НЭСК) акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынат.

Акционерлердин жыйынынын күн тартибинде биринчи болуп **«**Түндүк электр**»** ААК, **«**Чыгыш электр**»** ААК, **«**Ошэлектро**»** ААК жана **«**Жалалабатэлектро**»** ААКтарын **«**КУЭТ Кыргызстан**»** ААКга бириктирүү түрүндөгү кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алуу маселеси каралат.

> Андан ары **ар бир ортомчу компаниянын КУЭТке кошулуусу боюнча келишимдерди бекитүү** каралат. Жыйындын күн тартибинде башка маселелер жок.

Белгилей кетсек, «Түндүк электр» ААК Бишкек, Чүй жана Талас облустарындагы бардык абоненттерди, «Чыгыш электр» ААК Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы абоненттерди, «Ошэлектро» Ош жана Баткен облустарындагы керектөөчүлөрдү, «Жалалабатэлектро» Жалал-Абад облусун электр жарыгы менен камсыздайт. 

##### Маалымат

«Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКсы (КУЭТ) – Кыргызстандагы электр станцияларында өндүрүлгөн электр энергиясын жогорку вольттуу тармактар ​​аркылуу ташуу боюнча жалгыз оператор болуп саналат. Компания Кыргызстандын улуттук энергетика системасын борборлоштурулган оперативдүү-диспетчердик башкарууну ишке ашырган системалык оператор. КУЭТ 2001-жылдын 25-декабрында «Кыргызэнергону» кайра уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн.