> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кумтөр» жылдын аягында 220 млн доллар таза киреше менен чыкты – Акылбек Жапаров
- URL: https://im.kg/all/2022/03/22/kumt-r-zhyldyn-ayagynda-220-mln-dollar-taza-kireshe-menen-chykty-akylbek-zhaparov/
- Published: 2022-03-22T11:26:11.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Тышкы башкаруу киргизилгенден кийин Кумтөрдөн түшкөн киреше төрт эсеге өскөн. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нооруз майрамын белгилөө иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө айтты.**

Анын айтымында, өткөн жылдын эң маанилүү окуясы «Кумтөр» кенинин кыргыз элине кайтарылышы болгон жана тышкы жардамсыз эле мамлекет кендеги көптөгөн өндүрүштүк линияларды иштетип кете аларына көпчүлүгү күмөн санашкан. 

> «Бирок биз алдыга коюлган милдетти ийгиликтүү аткардык. Тышкы башкаруу киргизилгенде кенди иштетүүдөн түшкөн киреше болгону **48 млн доллар** болсо, **жылдын аягында 220 млн доллар таза киреше** менен чыктык. Мындан ары карай Кумтөрдүн алтын запасы толугу менен Кыргызстанда сакталып, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштейт», – деди Жапаров.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 12 айында «Кумтөрдө» 14 561 кг алтын өндүрүлгөн. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин 2022-жылдагы алгачкы кеңешмесинде «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ошондогу убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк компаниянын ишмердүүлүгү боюнча отчетунда билдирген болчу. Анда Бөлтүрүк былтыры жыл башынан бери компания **13.6 млрд сом** суммасында салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгонун, ал эми пландаштырылган сумма 9 млрд сомду түзгөнүн, натыйжада, чегерүүлөрдүн планы **150%дан** ашканын [айткан](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/01/18/2021-zhyly-kumt-rd-14-5-mi-kg-altyn-nd-r-lg-n-alar-kayakta-kimge-satyldy/).