> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан ЕАЭБдин чегинен тышкары буудай, ун, май, кумшекерди, ал эми этти жана жемди бардык өлкөлөргө экспорттоого тыюу салды
- URL: https://im.kg/all/2022/03/22/kyrgyzstan-eaebdin-cheginen-tyshkary-buudaj-un-maj-kumshekerdi-al-emi-etti-zhana-zhemdi-bardyk-lk-l-rg-eksporttoogo-tyjuu-saldy/
- Published: 2022-03-22T10:44:10.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:14:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын Министрлер кабинети өлкөдөн азык-түлүк жана айыл чарба өсүмдүктөрүн сыртка ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизди. Мындай чечим «өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын базар баасын турукташтыруу максатында» кабыл алынганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.**

Төмөнкү азык-түлүктүн түрлөрүн экспорттоого **алты айлык мөөнөткө** тыюу салынат:

- **Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) башка** бардык өлкөлөргө буудайды жана меслинди, буудай унун, өсүмдүк майын, күн караманын дандарын, кум шекерди, тоок жумурткаларын, инкубациялоо үчүн жумурткаларды республикадан экспорттоого тыюу салынды.
- Бардык өлкөлөргө, **анын ичинде ЕАЭБге да** бодо малдын этин (жаңы же муздатылган, тоңдурулган), жемди (чөп, саман, аралаш тоют, кебек жана дан тоюту), арпа, сулу экспорттоого тыюу салынды.