> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мигранттар Кыргызстанга жөнөткөн акчанын үчтөн биринен көбү Western Union төлөм системасы аркылуу келчү
- URL: https://im.kg/all/2022/03/22/migranttar-kyrgyzstanga-zh-n-tk-n-akchanyn-cht-n-birinen-k-b-western-union-t-l-m-sistemasy-arkyluu-kelch/
- Published: 2022-03-22T18:02:19.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:50:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мигранттар Кыргызстанга которгон каражаттардын үчтөн биринен көбү Россияда иштебей калган Western Union төлөм системасы аркылуу келчү.** 

> Өткөн жылы бул төлөм системасы аркылуу Кыргызстанга дээрлик **89 млрд сом** келген. Бул система популярдуулугу жагынан экинчи орунда турган.

Эске салсак, буга чейин америкалык компания 24-марттан тарта Россия менен Беларуста ишин токтоторун [билдирген](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/11/migranttar-koldongon-western-union-akcha-kotoruu-sistemasy-rossiyada-ishin-toktotot/) болчу. Мындай чечим Украинадагы кырдаалга байланыштуу кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Western Union системасын акыркы маалыматтар боюнча Россияда 1 миллиондон ашык адам түзгөн кыргызстандык мигранттар активдүү пайдаланышчу.