> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк теңгенин сомго карата курсуна убактылуу жөнгө салуу киргизди
- URL: https://im.kg/all/2022/03/22/uluttuk-bank-te-genin-somgo-karata-kursuna-ubaktyluu-zh-ng-saluu-kirgizdi/
- Published: 2022-03-22T10:59:54.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«КРда экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногундагы жагдайды турукташтыруу» максатында, КРнын Улуттук банкы теңгенин сомго карата курсуна убактылуу жөнгө салуу киргизди. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдирди.**

Кабыл алынган токтомго ылайык, КРнын коммерциялык банктары, алмашуу бюролору, микрофинансылык уюмдары, 2022-жылдын 19-мартынан тартып, кыргыз сомуна карата казак теңгесин сатып алуу курсун **КРнын УБ тарабынан белгиленүүчү кыргыз сомуна карата казак теңгесинин расмий курсунан 70%дык ашпаган өлчөмдө** салмактанып алынган тобокелдик коэффициентин эске алуу менен белгилеши керек. 

> «Ошондой эле, коммерциялык банктар жана микрофинансылык компаниялар ачык валюта позициясынын лимитинин мааниси казак теңгеси үчүн таза суммардык/ өздүк капиталынан 1% өлчөмүндө, Улуттук банк белгилеген тартипте аткарышы керек», – деп айтылат билдирүүдө. 

Убактылуу тартипти киргизүү валюта рыногуна чет өлкөлүк валюталардын өзгөрмөлүүлүгүнүн терс таасирин минималдаштырууга, ошондой эле валюталык операцияларды жүргүзүүдө зарыл талаптарды жана милдеттенмелерди аткарууга багытталганын регулятор маалымдады.