> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Январь-февраль айларында ички соода 6.3%га өстү
- URL: https://im.kg/all/2022/03/22/yanvar-fevral-ajlarynda-ichki-sooda-6-3-ga-st/
- Published: 2022-03-22T10:25:22.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанда дүң жана чекене сооданын өсүшү 6.3%ды түздү. Бул аралыкта өлкөнүн ишкерлери 69 млрд 405.8 млн сомго (январь айынын орточо курсу боюнча 820 млн долларга жакын) соода жүргүзүшкөнүн Улутстатком билдирди.**

> Бул мезгилде дүң сооданын көлөмүнүн өскөнү байкалып, ал – 11.4%га жеткен. Чекене товар жүгүртүү 7.4%га көбөйгөн.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын январь-февраль айларында ушул эле мезгилге салыштырмалуу дүң жана чекене сооданын көлөмү 12.7%га кыскарган болчу.