> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жаңы Бала-Саруу ГЭСине 7.5 млн евролук жабдууларды Австриянын Global Hydro Energy компаниясы алып келет
- URL: https://im.kg/all/2022/03/22/zha-y-bala-saruu-gesine-7-7-mln-evroluk-zhabduulardy-avstriyanyn-global-hydro-energy-kompaniyasy-alyp-kelet/
- Published: 2022-03-22T15:09:18.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:56:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Чакан ГЭС» ААКсы (мамлекеттик үлүшү 100%) Талас районундагы Киров суу сактагычындагы жаңы Бала-Саруу чакан ГЭСинин курулушуна жабдыктарды австриялык Global Hydro Energy GmbH компаниясынан сатып алат. Бул тууралуу кыргызстандык компаниянын билдирүүсүндө айтылат.**

Келишимдин баасы **7 млн 480 миң еврону** түзөт (учурдагы курс боюнча **852 млн сомго** жакын). Австриялык компания менен келишим түзүү «Чакан ГЭСтин» акционерлеринин 1-марттагы кезексиз жалпы жыйынында жактырылган.

> Келишим боюнча, Global Hydro Energy GmbH көмөкчү гидромеханикалык жабдуулары жана процессти автоматтык башкаруу системасы менен гидроэнергетикалык жабдуулардын комплексин берет.

[Economist.kg](http://localhost/info-portal/) мурда кабарлагандай, «Чакан ГЭС» ААК Бала-Саруу кичи ГЭСинин курулушуна жабдууларды сатып алууга тендер [жарыялаган](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/01/20/bala-saruu-kichi-gesinin-kurulushuna-889-mln-somduk-tender-zharyyalandy/) болчу. 

Мамлекеттик [сатып алуулар порталынын](http://zakupki.gov.kg/popp/view/order/view.xhtml?id=314784262) маалыматы боюнча, акционердик коом жабдууларды сатып алууга **889.4 млн сом** сарптоого даяр.

«Чакан ГЭС» ААКсы төмөнкү жабдууларды сатып алууну көздөөдө:

- көмөкчү жабдуулар жана системалары бар гидротурбиналык орнотуулар
- жардамчы жабдуулар жана системалар менен гидрогенератор
- жабдуулар менен башкаруунун автоматташтырылган системасы
- басым түтүгүнүн бош разряддары үчүн кошумча жабдуу.

> Белгилей кетсек, Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) «Бала-Саруу» ГЭСин курууга **22.9 млн доллар** [берет.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/12/28/ok-f-bala-saruu-gesin-kuruuga-23-mln-dollar-beret-toluk-karzhylajt/) 

Эске салсак, өткөн жылдын 29-августунда президент Садыр Жапаров Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» жаңы чакан гидроэлектр станциясын курууга [капсула салган](http://localhost/info-portal/novosti/2021/08/29/zalozhena-kapsula-pod-stroitelstvo-ges-bala-saruu-na-kirovskom-vodohranilishhe-foto/). 

Жаңы гидроэлектр станциясынын курулушун Энергетика министрлигинин жана «Улуттук холдинг компаниясы» ААКнын көмөгү менен «Чакан ГЭС» ААК иш жүзүнө ашырмакчы. Долбоорду 2022-жылдын декабрь айында жыйынтыктоо пландаштырылууда. 

- «Бала-Саруу» ГЭСинин курулуш долбоору жалпы кубаттуулугу **25 мегаватты** түзөт, үч генераторлуу, орточо **92 млн кВт/с өлчөмүндөгү** электр энергиясын иштеп чыгарууга жөндөмдүү болот.