> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан экономиканы турукташтырууга 5.5 млрд сом жумшайт – Россиянын Украинага чабуулунун кесепети
- URL: https://im.kg/all/2022/03/23/kyrgyzstan-ekonomikany-turuktashtyruuga-5-5-mlrd-som-zhumshajt-rossiyanyn-ukrainaga-chabuulunun-kesepeti/
- Published: 2022-03-23T08:30:00.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:29:36.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын өкмөтү экономиканы турукташтыруу планын иштеп чыгып, кризиске каршы иш-чараларга бюджеттен 5.5 млрд сом бөлүүнү планоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирген.**

Парламентте өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы боюнча Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев докладында Россияга киргизилген санкциялар Кыргызстандын экономикасына кыйыр түрдө таасирин тийгизип жатканын билдирди. 

> «Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы кымбаттады, анын бир баррелинин баасы 130 долларды түздү, азык-түлүктүн, чийки заттардын кымбаттаганы да байкалууда. Кыргызстанда сомдун башка валюталарга карата курсунун өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүккө болгон баанын кескин кымбатташына жол бербөө, калктын социалдык аялуу катмарына жардам көрсөтүү жана чет элдик валютада насыя алгандарды колдоо боюнча чаралар көрүлүүдө», – деди Амангелдиев.