> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун курулушу башталды
- URL: https://im.kg/all/2022/03/24/balykchy-kochkor-kara-keche-temir-zholunun-kurulushu-bashtaldy/
- Published: 2022-03-24T12:32:00.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Өз күчүбүз менен Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун кура баштадык. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн [Facebook](https://www.facebook.com/japarov.sadyr) баракчасында жазды.**

Анын айтымында аталган темир жол 1-2 жылда Кочкорго чейин курулуп, андан ары Кара-Кечеге чейин жетет.

> «30 жыл ичинде республикабызда бир метр темир жол курмак түгүл, тескерисинче, 42 чакырым жолубузду жоготуптурбуз. Албетте, өкүнүчтүү. Эми кайра узарта баштадык. Келечекте Кара-Кечеден ары Макмалга жана Жалал-Абадка жеткирип, бириктиребиз. Ошентип «Түндүк-Түштүк» темир жолун ачабыз», – дейт Жапаров.