> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Golden Stroy» курулуш компаниясына айып пул салынды
- URL: https://im.kg/all/2022/03/24/golden-stroy-kurulush-kompaniyasyna-ajyp-pul-salyndy/
- Published: 2022-03-24T12:11:30.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын «Жарнама жөнүндө» Мыйзамын бузгандыгы үчүн «Golden Stroy» курулуш компаниясына айып пул салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин маалымат кызматы билдирди.**

> Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдиргенине караганда, КРнын «Жарнама жөнүндөгү» Мыйзамын Golden Stroy ЖЧКсы **батирлердин баасын онлайн калькуляторун АКШ долларында жайгаштыруу боюнча** бузган жана бул факт аталган мыйзамдын 5-беренесинин 11-бөлүгүнө каршы келет.

Жыйынтыгында, талаптагыдай эмес жарнамасы үчүн Golden Stroy курулуш компаниясына карата КРнын укук бузуулар жөнүндөгү Кодексинин 404-беренесине ылайык, жаза-чарасын салуу жөнүндө токтом чыгарылган.