> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 22 араб жана 7 түрк өлкөсүнүн катышуусунда бизнес-форум уюштуруу пландалууда
- URL: https://im.kg/all/2022/03/24/kyrgyzstanda-22-arab-zhana-7-t-rk-lk-s-n-n-katyshuusunda-biznes-forum-ujushturuu-plandaluuda/
- Published: 2022-03-24T17:38:07.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:27:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда 22 араб жана 7 түрк өлкөсүнүн катышуусунда бизнес-форум уюштуруу пландалууда. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров Түрк-араб өлкөлөрүнүн кызматташтык ассоциациясынын президенти Сабухи Аттар менен жолугушуу учурунда айтылды.**

Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Равшан Сабиров TURAP Түрк-араб өлкөлөрүнүн кызматташтык ассоциациясынын президенти, Тунис Республикасынын Измир шаарындагы ардактуу консулу Сабухи Аттар башчылыгындагы түрк ишкерлерин кабыл алды.

> «Өз кезегинде Сабухи Аттар КРнын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн баалоо максатында атайын жумушчу сапар менен келгенин айтып, алдыдагы убакытта 22 араб өлкөсү жана 7 түрк өлкөсүнүн катышуусунда Кыргызстанда бизнес-форум жана жарманке уюштурууну пландап жатышканын билдирди», – деп айтылат билдирүүдө. 

Ошондой эле Сабухи Аттар Равшан Сабировду 20-24-июнь аралыгында Стамбулда өтүүчү TURABEXPO эл аралык жарманкесине чакырды.