> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда доллар дээрлик 6 сомго арзандады – 93.1 сом
- URL: https://im.kg/all/2022/03/24/kyrgyzstanda-dollar-deerlik-6-somgo-arzandady-93-1-som/
- Published: 2022-03-24T11:34:27.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 24-мартта Кыргызстанда доллардын курсу 5.6 сомго төмөндөп, 93.1 сомду түздү (сатуу). Америка валютасынын орточо сатып алуу курсу 91 сомду болууда. Бул тууралуу [valuta.kg](http://valuta.kg/) сайтынын маалыматы тастыктайт.**

Саат 10:00гө карата Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда долларды сатып алуу **91-92 сом**, сатуу **93-94.5 сомду** түздү.

Коммерциялык банктарда доллардын сатып алуу курсу 1 доллар – **90.5-92 сом**, америкалык валютанын сатуу курсу 1 доллар – **92.5-94 сом** болууда.

Улуттук банктын 24-мартка карата белгиленген расмий курсу өзгөргөн жок жана ал 99.4 сомду түздү.

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/03/Snimok-ekrana-2022-03-24-v-10.28.46-1024x514.png)