> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамматрезерв 5 миң тонна өсүмдүк майын жана 12 миң тонна кумшекер сатып алат
- URL: https://im.kg/all/2022/03/24/mammatrezerv-5-mi-tonna-s-md-k-majyn-zhana-12-mi-tonna-kumsheker-satyp-alat/
- Published: 2022-03-24T16:41:03.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев мамлекеттик материалдык резервдер Фондунун запасын толтурууга канча көлөмдөгү азык-түлүк алынаары тууралуу журналисттерге маалымат берди.** 

Анын айтымында, өлкө жетекчилиги тарабынан **5 миң тонна** өсүмдүк майы жана **12.5 миң тонна** кумшекер сатып алуу милдети коюлган. Мындан тышкары, 5 миң литр дизелдик майынын литрин 59 сомдон сатып алуу пландалууда.

Белгилей кетсек, «14-марттан тарта Россия өкмөтүнүн данды экспорттоого убактылуу тыюу салуу боюнча токтому күчүнө кирген болчу. 

> «Бирок бул тыюу салуу киргизилгенге чейин түзүлгөн келишимдерге таасирин тийгизбейт. Азыр бизде **14.5 миң тонна** буудай данын алууга келишимибиз бар. Бүгүнкү күндө республикада ӨКМ тарабынан күчөтүлгөн коопсуздук режими киргизилген. Иш процессинде эч кандай тоскоолдуктар жок», – дейт Ажыкеев.

Белгилей кетсек, [Кыргызстанда 6-7 айга жетчүдөй дандын запасы бар](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/22/kyrgyzstandagy-dandyn-zapasy-6-ajga-kazakstandyky-2-zhylga-zhetet/).