> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Минкаб бюджеттик кызматкерлердин маянасын, пенсияны, жөлөкпулдарды «масштабдуу» көтөрөт – 35 млрд сом бөлүнөт
- URL: https://im.kg/all/2022/03/24/minkab-bjudzhettik-kyzmatkerlerdin-mayanasyn-pensiyany-zh-l-kpuldardy-masshtabduu-k-t-r-t-35-mlrd-som-b-l-n-t/
- Published: 2022-03-24T13:46:12.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:47:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ушул жылдын апрель айынан тартып, бюджеттик кызматкерлердин маянасы, пенсиялар, жөлөкпулдар көтөрүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кризиске каршы комитеттин жыйынында билдирди.**

Министрлер кабинети Социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам аракеттенүү боюнча Кризиске каршы комитеттин жыйынында 2022-жылга антикризистик иш-чаралардын планын бекитти.

Анда Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта социалдык кызматкерлердин эмгек акысы масштабдуу көтөрүлөөрүн айтты.

> «Бюджеттик кызматкерлердин эмгек акыларын, пенсияларын, жөлөкпулдарын жогорулатууга бюджеттен **35 млрд сомго** жакын каражат бөлүнөт», – деди ал.