> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нефтетрейдерлерге КММ сатып алууга бюджеттен 2 млрд сом бөлүнөт – кредитти «Партнернефть» менен «Ред петролеум» алат
- URL: https://im.kg/all/2022/03/24/neftetrejderlerge-kmm-satyp-aluuga-bjudzhetten-2-mlrd-som-b-l-n-t-any-partnerneft-menen-red-petroleum-alat/
- Published: 2022-03-24T13:25:38.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:11:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүнкү күндө рынокто республиканы күйүүчү-майлоочу майлар (КММ) менен камсыздай албай калуу коркунучу бар. Бул тууралуу Финансы министри Алмаз Бакетаев өкмөттүн кризиске каршы чараларга арналган жыйынында билдирди**. 

Анын айтымында, көйгөйдү чечүү үчүн бюджеттен 2 млрд сом насыя катары бөлүү пландалууда. Бул акча нефтетрейдерлерге күйүүчү май сатып алуу үчүн берилет. 

> «Энергетикалык коопсуздук боюнча иштер уланууда. Бул максатка ылайык 3 млрд сомго жакын бюджеттик кредит бөлүнгөн. Элди социалдык жактан коргоо үчүн азыр эмгек акыны көтөрүү боюнча эсептөөлөр жүрүп жатат», – дейт Алмаз Бакетаев.

Кредиттерди «Партнернефть» жана «Ред петролеум» компаниялары алат. Эскерте кетсек, КРда үстөмдүк позицияны ээлеген күйүүчү май ташыган 3 субъект [бар](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/11/24/krda-st-md-k-poziciyany-eelegen-k-j-ch-maj-tashygan-3-subekt-bar-alar-gazprom-rostneft-zhana-red-petroleum/), алар – «Газпром», «Ростнефть» жана «Ред Петролеум».

Белгилей кетсек, Кыргызстан жылына [1.4 млн тоннадай](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/01/25/k-j-ch-majdyn-baasy-2022-zhyldyn-ortosuna-chejin-kymbattajt-neftetrejderler-associaciyasy/) күйүүчү май керектейт. КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов 14-мартта Кыргызстанда орто эсеп менен [2 жумага эле жеткидей бензиндин запасы](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/14/kyrgyzstanda-benzindin-zapasy-2-zhumaga-zhetet-neftetrejderler-associaciyasy/) бар экендиги тууралуу айткан эле. Ошондой эле ал ички рынокто баалар түшүп жаткандыгына карабастан, майда партия менен келген бензиндин баасы жогору болуп, экспортто баасы төмөндөбөй жатканын кошумчалаган.