> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Автоунаа ээлери милдеттүү камсыздандыруу үчүн 1680 сомдон төлөөгө тийиш
- URL: https://im.kg/all/2022/03/25/avtounaa-eeleri-mildett-kamsyzdandyruu-ch-n-1680-somdon-t-l-g-tijish/
- Published: 2022-03-25T08:30:00.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Автоунаа ээлери үчүн жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ЖЖМК) келишимдери боюнча негизги камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү 1680 сом өлчөмүндө белгиленди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.** 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ЖЖМК боюнча камсыздандыруу суммаларынын минималдуу өлчөмдөрү, жоопкерчилик лимиттери жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери бекитилген.

**Жабыркагандарга төлөмдөр:**

- жабырлануучунун өлүмү – **300 миң сом**
- жабырлануучуга I топтогу майыптык белгилөө – **200 миң сом**
- жабырлануучуга II топтогу майыптык белгилөө – **150 миң сом**
- жабырлануучуга III топтогу майыптык белгилөө – **100 миң сом**
- жаш балага майыптык – **200 миң сом**
- ден соолугуна майыптыгын белгилебестен келтирилген зыян – амбулатордук жана (же) стационардык дарылоого иш жүзүндөгү чыгымдардын өлчөмүндө, бирок **100 миң сомдон ашык эмес**
- жабырлануучулардын мүлкүнө зыян келтиргендиги үчүн – келтирилген зыяндын өлчөмүндө, бирок ар бир жабырлануучуга **150 миң сомдон ашык эмес** жана бардык жабырлануучуларга **450 миң сомдон** ашык эмес.