> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Азыркы күндө долларга карата божомол кылуу өтө оор, акчаңарды алтын менен сактагыла – Амангелдиев
- URL: https://im.kg/all/2022/03/25/azyrky-k-nd-dollarga-karata-bozhomol-kyluu-t-oor-akcha-ardy-altyn-menen-saktagyla-amangeldiev/
- Published: 2022-03-25T11:52:29.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:36:59.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев «Биринчи Радиого» берген маегинде учурда доллардын курсуна карата кандайдыр бир так божомол берүү кыйын болуп турганын айтты.** 

Радио угуучулардын бири министрге акча каражатын доллар менен сактаганын, бирок кооптонуп турганын айтып, анын экономист катары долларга карата божомол пикирин сурады.

> «Учурда Москванын банктык биржалары да токтоп турат. Долларга карата кандай саясат жүрүшүн, азыркы күндө долларга кандайдыр бир божомол кылуу өтө оор», – деди ал.

Ошондой эле Амангелдиев да президенттин [айтканындай](http://localhost/info-portal/novosti/2022/02/28/prezident-prizval-grazhdan-pokupat-zoloto-skolko-stoyat-slitki-v-kyrgyzstane/) акча каражатын алтын менен сактаган жакшы экенин айтты.

> «Анткени алтын стабилдүүлүгүн ар дайым көрсөтөт, өсүү темпи жаңылбайт, наркы туруктуу өсүп турат», – деди министр. 

Белгилей кетсек, Улуттук банк 1-февралдан тартып, атамекендик өндүрүштүн алтын куймаларын сатыкка чыгарып баштаган. Аффинаждалган алтын куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан 10 900 граммдан 13 400 граммга чейинки салмакта даярдалган жана куйманын лигатурдук салмагынын кеминде 99.95%ын химиялык таза металл түзөт. 

***Кошумча окуңуз***: **[Улуттук банк 12 кг алтын куймаларын сатып баштады. Бир куймасы канча турат?](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/01/uluttuk-bank-12-kg-altyn-kujmalaryn-satyp-bashtady-bir-kujmasy-kancha-turat/)**