> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан инвесторлорду Камбар-Ата жана башка ГЭСтерди курууга катышууга чакырууда
- URL: https://im.kg/all/2022/03/25/kyrgyzstan-investorlordu-kambar-ata-zhana-bashka-gesterdi-kuruuga-katyshuuga-chakyruuda/
- Published: 2022-03-25T16:29:15.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:14:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Минкабдын төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Биринчи Ташкент эл аралык инвестициялык форумунда кызыкдар тараптарды Кыргызстандагы Камбар-Ата жана башка ГЭСтердин курулушуна катышууга чакырды.**

Аалиев энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Кыргызстан өз аймагында ГЭСтерди куруу боюнча бир катар долбоорлорду акырындык менен ишке ашырууну, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду иштеп чыгууну көздөп жатканын билдирди.

> «Буга байланыштуу кыргыз тарап энергетика тармагына түз инвестиция тартуу, ГЭСтерди куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жаатында коңшу өлкөлөр менен кызматташууну мындан ары да арттырууга кызыкдар. Биз инвесторлорду Камбар-Ата ГЭС-1 сыяктуу ири гидроэнергетикалык жана башка келечектүү багыттагы долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырабыз. Биз инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даярбыз», – деди Аалиев.

Кабминдин жетекчисинин орун басары ошондой эле инклюзивдик «жашыл» экономикага байланыштуу демилгелерди колдоонун жана төмөн көмүртектүү өндүрүшкө өтүүнүн, парник газдарынын эмиссиясын азайтуунун маанилүүлүгүн белгиледи.