> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Салык сервис» мамлекеттик мекемесин түзүүгө 257 млн сом бөлүндү
- URL: https://im.kg/all/2022/03/25/salyk-servis-mamlekettik-mekemesin-t-z-g-257-mln-som-b-l-nd/
- Published: 2022-03-25T15:36:00.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Салык сервис» мамлекеттик мекемесин түзүүгө 257 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.**

Маалым болгондой, «Салык сервис» салыктык укук мамилелеринин катышуучуларына салык милдеттенмелерин аткаруу жана эффективдүү башкаруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн.

**Мекеменин максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:**

- салык органдарынын маалыматтык системаларын түзүү, өркүндөтүү, тейлөө жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу
- зарыл болгон учурда салык органдары тарабынан өз функцияларын аткарууга байланыштуу пайдаланылган материалдык-техникалык базаны, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргызстанда товарларды каттоо пункттарында товарларды мамлекеттик контролдоо жана эсепке алуу тутумун камсыз кылуу
- салык органдарынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон тармактарда консультанттар менен камсыздоо.