> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сом Украинадагы согушту COVID-19 пандемиясынан да жаман кабыл алды – 20 сомго арзандап кетти
- URL: https://im.kg/all/2022/03/25/som-ukrainadagy-sogushtu-covid-19-pandemiyasynan-da-zhaman-kabyl-aldy-20-somgo-arzandap-ketti/
- Published: 2022-03-25T09:15:00.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:38:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын улуттук валютасы Украинадагы согушту COVID-19 пандемиясынан да жаман башынан кечирүүдө. Анда сом долларга карата 13.3 сомго арзандаса, азыр 20 сомго түштү.**

Пандемия учурунда доллардын курсунун эң чоң секириги 2020-жылдын март айында болгон – айдын башында курс 69.9 сом болсо, марттын аягында 83.2 сомго (+13.3 сом) жеткен.

> Акыркы үч жумада сом **20.9 сомго** арзандап, америкалык валютанын курсу 84.9 сомдон 105.8 сомго чейин көтөрүлдү.

Белгилей кетсек, 15-марттан тарта америкалык валютанын наркы арзандай баштап, учурда 1 доллар Улуттук банктын расмий аныктаганы боюнча 99 сомду түзүүдө.

**Акыркы 5 жылда сом кандай өзгөрдү?**

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/03/som-5let-1024x404.png)