> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Минкабга 34 долбоорду сунуштады
- URL: https://im.kg/all/2022/03/25/turizmdi-n-kt-r-n-koldoo-fondu-minkabga-34-dolboordu-sunushtady/
- Published: 2022-03-25T15:16:59.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААК 34 долбоорду сунуштаганын минкабдын маалымат кызматы кабарлады.** 

Уюмдун президенти Елена Калашникова Фонддун 2022-жылга карата пландары тууралуу айтып берди.

> «Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылы 34 долбоор ишке киргизилет, анын ичинде 10 инфраструктуралык долбоор, 9 маалыматтык долбоор, ошондой эле туризм секторунун тутумун түзүү боюнча долбоорлор, ата мекендик туризм индустриясын жакшыртууга жана тармакка инвестиция тартууга багытталган ченемдик укуктук базаны өнүктүрүүгө байланышкан долбоорлор бар», – деген Калашникова. 

Эскерте кетсек, «КРда туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААК түзүү жөнүндө чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Уставдык капиталы 1 млрд сомдук туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду ички туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенмекчи.

***Кошумча окуңуз:*** [Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун директорлук кызматына Ak-Sai Travel компаниясынын жетекчиси келет](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/25/turizmdi-n-kt-r-n-koldoo-fondunun-direktorluk-kyzmatyna-ak-sai-travel-kompaniyasynyn-zhetekchisi-kelet/)