> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун директорлук кызматына Ak-Sai Travel компаниясынын жетекчиси келет
- URL: https://im.kg/all/2022/03/25/turizmdi-n-kt-r-n-koldoo-fondunun-direktorluk-kyzmatyna-ak-sai-travel-kompaniyasynyn-zhetekchisi-kelet/
- Published: 2022-03-25T12:29:50.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:30:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жакында түзүлгөн** **Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун директорлук кызматына Ak-Sai Travel компаниясынын жетекчиси келет. Мындай маалыматты бүгүн, 25-мартта Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев «Биринчи Радиого» берген маеги учурунда айтты.** 

Министр 2022-жылга Антикризистик чаралардын бекитилген пландары тууралуу маалымат берип жатып, жакында эле түзүлгөн [Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/17/ustavdyk-kapitaly-1-mlrd-somduk-turizmdi-n-kt-r-n-koldoo-fondu-t-z-ld/) аймактардагы жумушсуздук маселесин кандайдыр бир деңгээлде чечүүгө жардам берээрин, аталган фонд айыл жерлериндеги тургундарды үйлөрүндө хостелдерди түзүп, чет элдик туристтерди кабыл алууну үйрөтөөрү тууралуу айтты.

> «Республиканын бардык аймактарындагы жаратылыштын артыкчылыктары бар. Ошолордун баарын картага түшүрүп, аларды чет элден келген туристтерге сунуштоо боюнча чоң долбоорлор иштелип чыгууда. Аталган фондго 1 млрд сом акча каражаты каралган, жакынкы арада анын директорун дайындайбыз. Ага тажрыйбалуу **Ak-Sai Travel** деген компаниянын жетекчиси макул болду. Ал ишти баштап берип, нугуна тургузуп, кайра өкмөткө өткөрүп бере турган болуп, бизге чоң жардам берип жатат», – деди Амангелдиев. 

Эскерте кетсек, «КРда туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААК түзүү жөнүндө чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Уставдык капиталы 1 млрд сомдук туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду ички туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенмекчи.

Ак-Сай Трэвел – кеңсеси Бишкек шаарында жайгашкан толук лицензияланган туристтик компания. Ал Кыргызстандын туристтик рыногунда 1998-жылдан бери иштеп келет жана бир нече жолу өлкөнүн эң мыкты туроператору сыйлыгын жеңип алган.