> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 26 жаштагы Исламбек Кыдыргычов Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2022/03/26/26-zhashtagy-islambek-kydyrgychov-salyk-kyzmatynyn-t-ragasynyn-orun-basary-bolup-dajyndaldy/
- Published: 2022-03-26T09:54:10.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:42:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругу менен Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп Исламбек Кыдыргычев дайындалды. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы кабарлады.**

25-мартта финансы министринин биринчи орун басары Илияз Иманбетов Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басарын жамаатка тааныштырды.

Кыдыргычов бул кызматка дайындалганга чейин КРнын президентинин Администрациясында эмгектенген. Салык жана бажы саясаты маселелерин жетектеген.