> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Суу чарба кызматынын чыгашалары бул жылы 4.5 млрд сомду түзөт
- URL: https://im.kg/all/2022/03/26/suu-charba-kyzmatynyn-chygashalary-bul-zhyly-4-5-mlrd-somdu-t-z-t/
- Published: 2022-03-26T11:30:00.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылы Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын (СЧК) чыгашалары 4 млрд 453 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Финминдин берген маалыматына ылайык, ирригациялык тутумдарды оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине жалпысынан **1000 млн сом** өлчөмүндө каражат бөлүү пландаштырылууда, анын ичинен январь айында 162.4 млн сом каржыланган. 

2022-жылдын 23-мартына карата кошумча каржылык планды ачууга 381 млн сом суммасында арыз түшкөн.

СЧК маалыматына ылайык, буга төмөнкү каражаттар жумшалат:

- бюджеттик каражаттар – **1932.3 млн сом**
- атайын эсептин каражаттары – **100 млн сом**
- мамлекеттик инвестициялык фонддор – **2421.1 млн сом.**

Жогоруда айтылган каражаттар төмөнкү иштерге жумшалмакчы:

- узундугу 428 километрден ашык каналдарды оңдоо-калыбына келтирүү иштери
- узундугу 117 километрден ашык каналдарды бетондоо
- узундугу 949 километрден ашык коллектордук-дренаждык тармактарды жууп салуу боюнча иштер
- насостук станцияларды жана скважиналарды ремонттоо учун зарыл тетиктерди сатып алуу
- каналдарды механикалык тазалоо.

> «Ал эми Баткен облусуна 2022-жылга бөлүнгөн каражат **61 млн сомду** түзөт. Мындан тышкары, атайын техникаларды сатып алууга **199.4 млн. сом** өлчөмүндө жеңилдетилген бюджеттик ссуда бөлүү иштери жүрүп жатат», – деп айтылат билдирүүдө.