> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Украинада согуш башталгандан бери Кыргызстанга авиабилеттерге суроо-талап беш эсеге өстү
- URL: https://im.kg/all/2022/03/26/ukrainada-sogush-bashtalgandan-beri-kyrgyzstanga-aviabiletterge-suroo-talap-besh-esege-st/
- Published: 2022-03-26T10:00:14.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:48:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда 24-февралдан бери авиа билеттерге суроо-талап төрт-беш эсе өстү. Бул тууралуу [Economist.kg](http://localhost/info-portal/) басылмасына Bookit.kg сайтынын башкы директору Евгений Быстров билдирди.**

Быстровдун айтымында, негизги суроо-талап Россиядан жана Түркия аркылуу башка өлкөлөргө транзит менен өтүүгө болгон. «Россиядагы окуяларга жана базардагы туруксуз кырдаалга байланыштуу көптөгөн адамдар мекенине кайткысы келүүдө. Анткени 2020-жылдагы пандемиянын башталышы баарынын эсинде, анда адамдар аба каттамдары токтоп калгандан улам үйлөрүнө кайта албай калышкан», – деди ал.

> «Бул Bookit.kg сайтындагы биздин аналитикадан байкалды, анда Москва – Бишкек, Санкт-Петербург – Бишкек жана Россиянын башка шаарларынан каттамдар кыйла көбөйгөн. Кадимки күндөрдө Кыргызстандан Россияга билеттерди издеп калышат», – дейт компаниянын жетекчиси.

Ал Кыргызстанга учкан каттамдарга суроо-талап күчөгөндүктөн, баа да жогорулаганын айтып, **билеттердин баасы болжол менен 2-3 эсеге кымбаттаганын**, мурда билет 10 миң сом болсо, азыр баалар 25-30 миң сомго жеткенин билдирди.

> «Албетте, баага доллардын курсунун өсүшү да таасирин тийгизди. Билеттердин баасына россиялык көпчүлүк авиакомпанияларга киргизилген санкциялар да катуу таасир этти», – деди Быстров.

Эске салсак, марттын башында Россиянын бир нече S7 жана «Аэрофлот» сыяктуу авиакомпаниялары киргизилген санкциялардан улам Кыргызстанга каттамдарын токтоткон болчу. Бирок кийинчерээк, 22-марттан тарта аба каттамдар кайрадан жанданган.