> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр 1-апрелден тартып электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү
- URL: https://im.kg/all/2022/03/27/zhyldyk-zh-g-rt-s-8-mln-somdon-ashkan-salyk-t-l-ch-l-r-1-aprelden-tartyp-elektronduk-esep-fakturany-koldonuuga-mildett/
- Published: 2022-03-27T09:44:00.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:00:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр 1-апрелден тартып электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы кабарлады.**

Тартип электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучуларына карата колдонулат жана эсеп-фактураны электрондук документ, анын ичинде электрондук кол тамганы колдонуу менен кошумча документ түрүндө жүгүртүүдө электрондук өз ара аракеттешүүнүн катышуучуларынын ортосунда документ жүгүртүүнүн жол-жоболорун белгилейт.

1. КНС төлөөчү жана товарларды импорттоо жана/же экспорттоо менен алектенген салык төлөөчү, ошондой эле катары менен келген акыркы 12 айда же болбосо катары менен келген 12 календардык айгажетпеген мезгилдин ичинде түшкөн акчанын көлөмүнүн суммасы **8 млн сомдон ашкан** салык төлөөчү:
- белгиленген тартипте электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучусу катары катталат
- ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма жана тартип боюнча эсеп-фактураларды тариздейт
- эсеп-фактураны 2022-жылдын 1-апрелинен тартып тариздейт.

> Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр 1-апрелден тартып электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү экендигин маалымдайт.

Товарларды экспорттоодо эсеп-фактура КРнын аймагынан товарлар ташып чыгарылганга чейин таризделет.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып КНС төлөөчүлөр, ошондой эле товарларды импорттоочулар жана/же экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураны милдеттүү түрдө тариздешүүдө.

Толук маалыматты, салык төлөөчүнүн колдонмосун жана «Электрондук эсеп-фактура» системасы менен иштөө боюнча жооптуу кызматкерлердин байланыш номерлерин Салык кызматынын [www.sti.gov.kg](http://www.sti.gov.kg/) сайтынын «Электрондук эсеп-фактура» бөлүгүнөн алууга болот.