> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Капитал Банк» өткөн жылы 52 млн сом таза киреше алды
- URL: https://im.kg/all/2022/03/28/kapital-bank-tk-n-zhyly-52-mln-som-taza-kireshe-aldy/
- Published: 2022-03-28T14:20:24.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Борбор Азиянын Капитал Банкы» ААК 2021-жылы 52 млн сом таза киреше алды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.**

Мындай маалыматтар банктын акционерлеринин жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы чогулушунда айтылган. 

> Акционерлер бул сумманы албай, банктын карамагында калтырууну чечишкен.

Ошондой эле жыйында «Грант Торнтон» ЖЧКсын 2022-жылга банктын тышкы аудитору кылып шайлоо жана тышкы аудиторго сый акынын өлчөмүн белгилөө чечими кабыл алынган.