> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-казак чек арасындагы тоскоолдуктарды жоюу сунушталды
- URL: https://im.kg/all/2022/03/28/kyrgyz-kazak-chek-arasyndagy-toskoolduktardy-zhojuu-sunushtaldy/
- Published: 2022-03-28T15:51:37.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Чек аралардагы өткөрмө жайларын ачып, тоскоолдуктарды жоюу менен жүктөрдүн жана жарандардын эркин каттамын камсыздоо зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Алматы шаарында Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушуу учурунда айтты.**

Ошондой эле жолугушууда кыргыз-казак дипломатиялык алакасынын түзүлгөнүнө 30 жыл толгон датага карата өткөрүлө турган иштер, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин май айында Кыргызстанга жасай турган сапары талданды.

> Муну менен катар эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 2021-жылы 1 млрд долларды түзгөнүн белгилеген Талант Мамытов: «Бул биз үчүн чек эмес, 2 млрд долларга чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар. Андыктан алакабызды арттырып, товар алмашуу жаатындагы кызматташтыкты дагы да кеңейтүүбүз кажет. Бул үчүн чек аралардагы өткөрмө жайларын ачып, тоскоолдукту жоюу менен жүктөрдүн жана жарандардын эркин каттамын камсыздоо зарыл. Чек аралар боордош жана өнөктөш өлкөлөр үчүн ачык болуусу өтө маанилүү», – деди.

Андан тышкары Талант Мамытов аймактар жана шаарлар аралык байланышты кеңейтүү маселесине токтолуп, Ош жана Алматы шаарларынын ортосунда боордош шаар алакасын түзүүнү сунуштады.

Айта кетсек, ушу тапта КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 30 жылдыгына карата Казакстандын Алматы шаарында мааракелик отурум өтүп жатат.