> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 300 миң сомго чейин дыйкандар насыяны күрөөсүз ала алышат
- URL: https://im.kg/all/2022/03/29/300-mi-somgo-chejin-dyjkandar-nasyyany-k-r-s-z-ala-alyshat/
- Published: 2022-03-29T14:29:07.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**5 млрд сом айыл чарбаларды колдоого жумшалат. Ал каражаттан 300 миң сомго чейин дыйкандар күрөөсүз насыя ала алышат. Ал эми 500 миң сомго чейин күрөө менен алса болот. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев билдирди.**

Жыйында Азамат Мукашев Кыргызстандагы жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү, күйүүчү май, айдоо иштери жана дыйкандарга берилчү насыялар боюнча маалымат берди.

Финансы министрлиги мамлекеттик эки банкка – «Айыл Банкка» 5.5 млрд сом жана «РСК Банкка» 4.5 млрд сом бөлүп берген. Айыл чарба министрлигинин билдиргенине ылайык, **1 млрд сом лизингге** жумшалып, анын **50% асыл тукум малды сатып алууга**, экинчи **50% айыл чарба шаймандарын** жана **жаадыргыч тамчылатып сугаруу техникаларын сатып алууга** жумшалат.

> «5 млрд сом айыл чарбаларды колдоого берилген. Ал каражаттан 300 миң сомго чейин дыйкандар күрөөсүз насыя ала алышат. Ал эми 500 миң сомго чейин күрөө менен алса болот», – деди Мукашев.

Ошондой эле ал 1 млн сомдон ашык товар жүгүртүүсү бар дыйкандар 5 млн сомго чейин насыя ала аларын кошумчалады.