> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бир дагы кыргызстандык казинодо ойнобойт – Акылбек Жапаров кумарканалар боюнча оюн айтты
- URL: https://im.kg/all/2022/03/29/bir-dagy-kyrgyzstandyk-kazinodo-ojnobojt-akylbek-zhaparov-kumarkanalar-bojuncha-ojun-ajtty/
- Published: 2022-03-29T15:09:03.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:22:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Казинодо Кыргызстандын бир дагы жараны ойнобойт. Ал жерде кыргызстандыктарды ойноого уруксат берген компаниялар жабылат», – деди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров казино жана оюн автоматтарын ачуу боюнча мыйзам долбоору тууралуу пикирин айтып жатып. Бул тууралуу [Kaktus.media](https://kaktus.media/doc/457175%5Fmy%5Fne%5Fprotiv%5Fislama.%5Fakylbek%5Fjaparov%5Fprokommentiroval%5Fotkrytie%5Fkazino%5Fv%5Fkyrgyzstane.html) билдирди.**

Жапаров бул мыйзам долбоору туристтерди тартууга багытталганын белгиледи. 

> Жапаров 2013-жылы барган Малайзия мамлекетин мисал келтирди. «2013-жылы Айт мезгилинде чакыруу менен ал өлкөдө болдум. Ушул суроону аларга да бердим. Малайзиялыктар мусулмандар казиного барбай тургандыгын жана бул туристтер үчүн гана экендигин айтышты**»,** – деди Акылбек Жапаров. 

Төраганын айтымында, 2001-жылы республиканын бюджетине казино жана кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнөн 630 млн сом түшкөн.

> «Азыр эки, үч, төрт эсе көп киреше түшөт деген ойдобуз. Биз конокторду ушинтип эс алдырышыбыз керек. Бул туризм.
> 
> Кыргызстанга келип, он күндөп ичип жата бергенден көрө, ойноп эс алышканы жакшы. Биз бул үчүн шарттарды түзөбүз», – дейт Министрлер кабинетинин башчысы.