> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Комитет Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына Бакыт Төрөбаевдин кандидатурасын жактырды
- URL: https://im.kg/all/2022/03/29/komitet-ministrler-kabinetinin-t-ragasynyn-orun-basarlygyna-bakyt-t-r-baevdin-kandidaturasyn-zhaktyrdy/
- Published: 2022-03-29T11:06:48.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:35:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=Rj7NZw-KoWM) Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына көрсөтүүгө макулдук берилди.**

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун орун басарынын милдетин аткаруучу болуп [дайындалган](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/28/bakyt-torobaev-ministrler-kabinetinin-t-ragasynyn-orun-basary-bolup-dajyndaldy/). Буга чейинки орун басар Азиз Аалиев Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасы кызматын [ээледи](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/28/aziz-aaliev-zbek-kyrgyz-n-kt-r-fondunun-bashkarmalygynyn-t-ragasy-bolup-dajyndaldy/).

«Ата-Журт – Кыргызстан» фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев буга чейин, «Ак жол», «Республика» жана «Өнүгүү-Прогресс» партиялары менен шайлоолорго катышып, жалпысынан Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты болгон жана 2009-жылы Өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.