> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кыргызнефтегаз» жылына болгону 15 миң тонна бензин өндүрөт – бул республиканын керектөөсүнүн 5%ын жабат
- URL: https://im.kg/all/2022/03/29/kyrgyzneftegaz-zhylyna-bolgonu-15-mi-tonna-benzin-nd-r-t-bul-respublikanyn-kerekt-s-n-n-5-yn-zhabat/
- Published: 2022-03-29T17:43:23.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:43:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кыргызнефтегаз» жылына болгону 15 миң тонна бензин өндүрөт. Бул тууралуу «Кыргызнефтегаз» ААК башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=plU82qNlp2I) билдирди.**

Жыйында Исхак Масалиев «Кыргызнефтегаз» жылына өндүргөн 173 миң тонна мунайдан канча бензин алынаары жана ал өлкөдөгү күйүүчү май рыногуна канчалык таасир эте алаары тууралуу сурады. 

> «Андан 15 миң 821 тонна бензин алынат. Бул болгону Кыргызстандын керектөөсүнүн 5-6%ын гана (дизель майы менен кошулуп) камсыздайт. Күйүүчү май рыногуна таасир эте албайбыз», – деди Нишанов.

Белгилей кетсек, Нефтетрейдерлер ассоциациясы берген [маалыматка](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/01/25/k-j-ch-majdyn-baasy-2022-zhyldyn-ortosuna-chejin-kymbattajt-neftetrejderler-associaciyasy/) ылайык, Кыргызстандын күйүүчү майды жылдык ички керектөөсү **1.4 млн тоннаны** түзөт.