> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Түркия бажы коридорун жөнөкөйлөштүрүү боюнча протоколго кол коюшту
- URL: https://im.kg/all/2022/03/29/kyrgyzstan-menen-t-rkiya-bazhy-koridorun-zh-n-k-jl-sht-r-bojuncha-protokolgo-kol-kojushtu/
- Published: 2022-03-29T11:37:46.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:12:59.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Түркия өкмөтү бажы коридорун жөнөкөйлөтүү боюнча протоколго кол коюшту. Бул документке 23-мартта Анкарада өткөн эки өлкөнүн биргелешкен бажы кеңешинин биринчи отурумунун жыйынтыгында кол коюлганын КР Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.**

Биргелешкен бажы комитетинин биринчи отурумунда КРнын делегациясын Бажы кызматынын башчысы **Самат Исабеков**, түрк тараптан соода министринин орун басары **Рыза Туна Турагай** жетектеди.

> Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бажы ишмердүүлүгүнүн келечектүү багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, бажы кызматтарын учурдагы өнүктүрүү, өз ара соода боюнча **маалымат алмашуу**, кызматкерлерди окутуу жаатында кызматташуу, ошондой эле **Түркиянын бажы кызматынын оперативдүү башкаруу борборунун иштеши боюнча маселелер** талкууланды.

Ошондой эле жолугушуунун жыйынтыгында КРнын Министрлер кабинети менен Түркия Өкмөтүнүн ортосунда эки өлкөнүн чек арасы аркылуу өткөн товарлар жана транспорт каражаттары боюнча алдын ала маалымат алмашуу жөнүндө протоколго кол коюлду.