> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда доллар 85 сомго түштү – бир күндө 4 сомго төмөндөдү
- URL: https://im.kg/all/2022/03/29/kyrgyzstanda-dollar-85-somgo-t-sht-bir-k-nd-4-somgo-t-m-nd-d/
- Published: 2022-03-29T10:39:05.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын сатып алуу курсу 85 сомго түштү. Бир сутка ичинде америкалык валюта 4 сомго арзандады –** **кечээ эле анын сатуу курсу 89 сом болчу.**

> Саат 10:00гө карата [Economist.kg](http://localhost/info-portal/) басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын сатып алуу курсу **85-86 сомго** чейин төмөндөп, сатуу **87 сомду** түзүүдө.

Коммерциялык банктарда долларды сатып алуу курсу андан да төмөн болуп, 1 доллар **84-85.5 сомго** чейин болууда. Банктарда 1 доллардын сатуу курсу **86-87.5 сомду** түздү.

Улуттук банктын 17-мартка карата расмий курсу 94.29 сомду (-0.37%) түздү.