> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Монополияга каршы агенттик сатуучуларга накталай эмес төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болушу керектигин эскертти
- URL: https://im.kg/all/2022/03/29/monopoliyaga-karshy-mamlekettik-kyzmaty-satuuchularga-naktalaj-emes-t-l-m-zh-rg-z-m-mk-nch-l-g-bolushu-kerektigin-eskertti/
- Published: 2022-03-29T10:17:35.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:45:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Монополияга каршы мамлекеттик органдын кызматкерлери Улуттук банктын өкүлдөрү менен биргеликте соода түйүндөрүндө банк карталарын жана электрондук акча тейлөө үчүн камсыздалган жабдууларга мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.**

Текшерилген 44 соода объектилеринде, анын ичинде коомдук тамактануу пункттарында, жана 21 жерде накталай эмес төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жок болуп чыккан.

> Аталган орган сатуучу төлөм ыкмасын тандоодо сатып алуучуга чектөө коюуга укугу жок экендигин белгилейт.

Маалым болгондой, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, керектүү консультациялар берилген.