> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Доллар көтөрүлдү деп товарлардын баасын чукул көтөрүштү, бирок доллар түшкөндө аларды арзандатканды унутуп калышты – депутат
- URL: https://im.kg/all/2022/03/30/dollar-k-t-r-ld-dep-tovarlardyn-baasyn-chukul-k-t-r-sht-birok-dollar-t-shk-nd-alardy-arzandatkandy-unutup-kalyshty-deputat/
- Published: 2022-03-30T11:49:12.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:44:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=9QnGMDtJF4o) депутат Нуржигит Кадырбеков доллардын наркы төмөндөгөнүнө байланыштуу Министрлер кабинетине Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине азык-түлүктүн баасын төмөндөтүү боюнча тапшырмаларды берүүнү сунуштады.** 

Кадырбеков доллар көтөрүлдү деп товарлардын баасы чукул кымбаттаганын айтты. 

> «Биринчи кезекте азык-түлүктүн баасы көтөрүлдү. 105 сомго чыккан доллар, кайра мурдагы 85 сом деңгээлиндеги калыбына түштү, бирок азык-түлүктүн баасы арзандабай кала берди. Монополияга каршы агенттикке базарды көзөмөлдөөгө тапшырма бергиле. Эмне үчүн бааны көтөргөндө бат көтөрүшөт, бирок доллар түшкөндө арзандатышты унутуп калышат», – деди депутат.

Кошумчалай кетсек, жыйында азык-түлүк коопсуздугу боюнча маалымат берген Министрлер кабинетинин төрагасынын жаңы дайындалган орун басары Бакыт Төрөбаев Мамлекеттик материалдык резервге кошумча 12 миң тонна кумшекер, 5 миң тонна өсүмдүк майы алынаарын[ билдирди](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/30/matrezervge-koshumcha-12-mi-tonna-kumsheker-5-mi-tonna-s-md-k-majy-alynat/).

Бүгүн, 30-мартка карата Кыргызстандын айрым банктарында доллардын сатып алуу курсу [83.5 сомго чейин](http://localhost/info-portal/novosti/2022/03/30/v-nekotoryh-bankah-kyrgyzstana-kurs-dollara-opustilsya-do-83-5-soma/) төмөндөсө, көпчүлүк банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 84-84.7 сомду түзүүдө. Эскерте кетсек, Россия-Украина согушуна байланыштуу доллар 105-106 сомго чейин көтөрүлгөн болчу.