> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетикалык компанияларды бириктирүү жол-жоболору аяктады
- URL: https://im.kg/all/2022/03/30/energetikalyk-kompaniyalardy-biriktir-zhol-zhoboloru-ayaktady/
- Published: 2022-03-30T17:33:34.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын энергетика тармагындагы түзүмдөштүрүү реформаларын жүргүзүүнүн алкагында 23-26-мартта «Түндүк электр» ААКда, «Кыргызстандын УЭТ» ААКда, «Чыгыш электр» ААКда, «Ошэлектр» ААКда, «Жалалабадэлектро» ААКда, «Электр станциялары» ААКда жана «Бишкекжылуулуктармагы» ААКда акционерлердин кезексиз жыйыны өткөнүн «Улуттук энергохолдинг» компаниясы билдирди.**

Жыйындын жыйынтыгы менен аталган энергетикалык компанияларды кайра түзүмдөштүрүү чечими кабыл алынып, бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялар **«**Кыргызстандын УЭТ**»** ААКга кошулат.

Ал эми **«**Бишкекжылуулуктармагы**»** ААК **«**Электр станциялары**»** ААКга кошулат. 

> «Реформалар жасалган соң энергетикалык компаниялардын чыгымдары, административдик чыгымдар кыскартылып, сатып алууларды бириктирүүдөн экономикалык натыйжа алынып, бизнес-процесстерди автоматташтырылып, электр энергиянын сатуу жолдору жана айкындуулугу жакшыртылып, электр чарбасын реконструкциялоо менен электр тармактарындагы жоготууларды азайтылып оптималдаштырылышы мүмкүн», – деп айтылат билдирүүдө. 

Мындан тышкары, оптималдаштырылган каражат жаңы иштеп чыгуучу кыбаттуулуктарды киргизүү, энергия жабдууларын реконструкциялоо жана жаңылоо, КРнын энергетикалык коопсуздугун бекемдөө долбоорлорун жүзөгө ашырууга жумшалмакчы.

**Кошумча окуңуз**: [КРнын бардык ортомчу компаниялары «Кыргызстандын улуттук электр тармагына» биригет](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/22/krnyn-bardyk-ortomchu-kompaniyalary-kyrgyzstandyn-uluttuk-elektr-tarmagyna-biriget/)

[«Бишкекжылуулуктармагы» кайра түзүлүп, «Электр станцияларына» кошулат](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/23/bishkekzhyluuluktarmagy-kajra-t-z-l-p-elektr-stanciyalaryna-koshulat/)