> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто контрабанда жолу менен келген 20 тонна сабиз табылды
- URL: https://im.kg/all/2022/03/30/oshto-kontrabanda-zholu-menen-kelgen-20-tonna-sabiz-tabyldy/
- Published: 2022-03-30T10:09:50.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери 20 тонна сабиздин контрабандасын кармашты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып өтүү фактыларына бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө, «Түштүк-Батыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда КР жараны И.М.С. башкаруусунда Krone үлгүсүндөгү жарым чиркегич менен Volvo АР-12 үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулган.

> Жүк транспортун кароодо жалпы салмагы **20 миң 200 кг** сабиз коштоочу документтери жок табылган. «Эксперт Оценка» ЖЧКсы Көз карандысыз экспертиза жана баалоо борборунун корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар наркы **505 миң сомду** түзөт.

Факт КБР АМС МЭЖге катталган, материалдар Ош облусунун прокуратурасына берилген.