> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЖКнын комитети ЕЭКтин кадр курамын түзүүнүн жаңы механизмин жактырды
- URL: https://im.kg/all/2022/03/30/zhknyn-komiteti-eektin-kadr-kuramyn-t-z-n-n-zha-y-mehanizmin-zhaktyrdy/
- Published: 2022-03-30T10:38:06.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 28-мартта Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жөнүндө келишимде Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кадр курамын түзүү механизмин тактоо бөлүгүндө протоколду ратификациялоону жактырды.**

КРнын Министрлер кабинетинин берген маалыматына ылайык, ЕЭКтин кадр курамы 4 жыл иштеши керек. Бирок эгерде ЕЭКтин мүчөсү кызматынан мезгилсиз бошотулса, анын ордуна келген министр калган 4 жылга шайланган мүчөлөр менен кошо бир убакта кетет. 

> Жаңы эрежелерге ылайык, ЕЭКтин мүчөлөрү **5 жыл жана 2 мөөнөттөн ашык эмес** иштөөсү сунушталууда.

Талкуудан кийин Жогорку Кеңештин комитетинин мүчөлөрү ЕАЭБ жөнүндө келишимди ратификациялоо жөнүндө сунушталган мыйзам долбоорун ЕЭКтин кадрдык курамын түзүү механизмин тактоо бөлүгүн экинчи окууда жактырышты.