> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бүгүн салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү
- URL: https://im.kg/all/2022/03/31/b-g-n-salyk-deklaraciyasyn-kabyl-aluunun-akyrky-k-n/
- Published: 2022-03-31T10:14:01.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 31-мартта, бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматы эскертет.**

Салык органдары декларацияны түнкү саат 12:00гө чейин кабыл алышат.

> Жеке адамдар декларацияны кагаз жүзүндө же электрондук түрдө, ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле жеке ишкерлер электрондук түрдө гана тапшыра алышат.

Декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер
- жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер
- салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн же жер участоктун (короо-жай участогунан башка) ээлери
- юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар.