> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Бакай Банк» башкармалыгынын жетекчиси Оксана Соломко мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулду
- URL: https://im.kg/all/2022/03/31/bakaj-bank-bashkarmalygynyn-zhetekchisi-oksana-solomko-m-n-t-n-n-murda-kyzmatynan-boshotuldu/
- Published: 2022-03-31T11:56:16.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:09:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Бакай Банк» ААК башкармалыгынын жетекчиси Оксана Соломконун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.**

КФБнын берген [маалыматына](https://www.kse.kg/ru/RussianAllNewsBlog/7078/Izmenenie%20v%20sostave%20Pravleniya%20OAO) ылайык, 29-мартта өткөн директорлор кеңишинин жыйынында мындай чечим кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Соломко 2020-жылдын күзүндө «Бакай Банк» ААКтын башкаруу командасына Башкармалыктын төрагасынын кеңешчиси болуп кирип, андан кийин Башкармалыктын Төрагасы болуп дайындалган эле.